• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Орусияда мигранттардын балдары орус тилинен тест тапшырышат

16 Жетинин айы 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Агартуу министрлиги мигранттардын балдарын орус тил сыноосунан өткөрүп турат. Тесттин жыйынтыгы менен алар кошумча курстарга жиберилиши мүмкүн. Бул тууралуу парламенттик угуу маалында министр Сергей Кравцов билдирди.

«Коммерсантъ» басылмасы жазгандай, буга чейин орус коомунда бул темада талкуулар жургөн. Президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин төрагасы Валерий Фадеев мигранттардын балдарынын 50-70% орусча начар сүйлөшөт же такыр билишпейт деп айткан. Фадеев Москва жана Петербургда андай балдардын саны 20% жетерин кошумчалаган.

“Адилеттүү Орусия” партиясы чет элдик же орус тилин жакшы билбеген окуучулардын санын 10% чейин чектөөнү, ал эми айрым мектептерде тилди акча төлөп окутуу курстарын киргизүүнү сунуш кылды.

Орус тилин билүү деңгээлин аныктоодон тышкары министрликтин порталында «баланын социалдык-маданий нарк-насилин (адаптациясын) баалоо» тесттери жарыяланганын “Свобода” радиосу жазды. Жогорку класстагылар Орусиянын тарыхын жана маданиятын канчалык билет деген сыноодон өтүп турмакчы.

Количество просмотров: 89