• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусияда мигранттардын балдары тарбияланган бакчада наристе сабалды

3 Бештин айы 2022 14:44 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандык Telegram-каналдарда Орусиядагы эмгек мигранттарынын балдары үчүн уюштурулган «бала бакчада» тартылды делген видео тарап жатат.

Видеодо бакчадагы балдарды караган аялдардын бири ыйлап жаткан наристени сооротуунун ордуна аны башка тээп жатканын көрүүгө болот.

Бул көрүнүштү видеого тартып жаткан экинчи аял «кесиптешин» тепкилөөнү токтотууга чакырып, баланы сооротууга аракет кылган. «Эгер ыйлаганыңды токтотпосоң ал сени кайра сабайт!», – деген аял ыйлап жаткан балага кайрылып.

​Видеодон ошондой эле коңшу бөлмөдөгү жерге салынган төшөктөрдө дагы бир нече бала уктап жатканын көрүүгө болот.

Мындай «көмүскө» бала бакчалар эмгек мигранттары көп жашаган Орусиянын дээрлик бардык шаарларында бар. Миграцияга балдары менен баргандардын көбү аларды башка мигранттар менен калтырып, өздөрү жумушка кетүүгө аргасыз болушат.

Орусияда калктын саны азайып жатканы менен бала бакчалардын жетишсиздиги байкалат. Айрым учурларда орусиялыктардын өзүлөрү да балдарын бакчага берүү үчүн жылдап кезек күтүп калышат. Мындай абалдан пайдаланган кээ бир адамдар «үйдөгү бала бакча» деп уюштуруп алышат. Алар «тарбиячылыкка» негизинен анча көп эмес эмгек акыга иштөөгө макул болгон аялдарды ала беришет.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, жыл сайын өлкөгө дээрлик 800 миңге жакын эрезеге жете элек чет өлкөлүк жаран кирет. Алардын көбү негизинен Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Тажикстандан барган эмгек мигранттарынын балдары.

Количество просмотров: 102