• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Орусияда Оштун тургуну чогуу жашаган аялды өлтүргөн деп шектелүүдө

25 Аяк оона 2019 10:26 Бишкек Govori.TV

Москва облусунда 54 жаштагы кыргызстандык чогуу жашаган аялды өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, августтун акырында Москва облусунда унаа токтотуучу жайдын аймагынан 51 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү табылган. Экспертиза анын киши колдуу болуп өлгөнүн аныктаган.

«Аялды муунтуп өлтүрүшкөн. Факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 54 жаштагы А.А. кармалды. Ал Ош облусунун тургуну болуп чыкты», -деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматка таянсак, шектүү аял менен уруша кетип муунткан. Урушка кызганыч себеп болгон. Шектүү из жашырып качып кетип, ага издөө жарыяланган болчу.

Количество просмотров: 154