Орусиянын Ленинград облусунда пенсионер кыргызстандык эки жаранды сүзүп кетти.
Субару унаасын айдап бара жаткан пенсионер жөө адамдар өтүүчү жерден эки Кыргызстандын 23 жаштагы жаранынын сүзүп кеткен. Бири алган жаратынан ошол жерден каза болгон. Экинчиси оор абалда ооруканада жатат.
Айдоочу канындагы канттын деңгээли кескин төмөндөп кеткендиктен эсин жоготуп, кагылышуу учурун көргөн эмес. Унаа тротуарга такалып, күйүп кеткен. Айдоочу качып кетүүгө үлгүргөн.
Ошондой эле акыркы бир жыл ичинде Кыргызстандын эки жаранын сүзүп кеткен пенсионер алты жолу ылдамдыкты ашыра айдаганы айтылууда.