• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Орусияда тик учак кулап, бир киши каза болду

9 Жетинин айы 2022 9:34 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Кострома облусунда санитардык милдетти аткарган Ми-2 тик учагы кулап, бир киши каза тапты. Дагы төрт адам жаракат алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматта айтылгандай, тик учак Кострома шаарынын жакасындагы Сокеркино аэропортуна конууга баратканда кулаган. Бортто бейтап жана аны коштогон дарыгерлер болгон. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ооруулуу каза болуп калган.

Кострома облусунун губернатору Сергей Ситников Телеграм каналында кабарлагандай, экипаждын мүчөлөрү байланышка чыккан. Куткаруу иштери уланууда.

Количество просмотров: 97