• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Орусияда өз мекенинде издөөдө жүргөн кыргызстандыктар кармалды

23 Бугу 2022 10:58 Бишкек Govori.TV

Орусияда өз мекенинде издөөдө жүргөн 24 кыргызстандык аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Ар кандай кылмыштарды жана укук бузууларды жасаган деп айыпталып изделип жаткан тергөөдөн жана соттон жашырынып жүргөн адамдарды кармоо боюнча иш-чаралар Россиянын укук коргоо органдары тарабынан КР ИИМинин РФдагы өкүлчүлүгүндөгү кесиптештери менен биргеликте кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын алкагында жүргүзүлдү.
Москванын жана Россия Федерациясынын башка шаарларынын аймагында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бейбаштык, талап-тоноо, уурдоо, алдамчылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, жаза өтөөчү жайлардан качуу, дезертирлик, жол кырсыктарын жасоо, кредит төлөбөгөндүгү, алимент төлөбөгөндүгү үчүн изделип жаткан 24 жарандын жайгашкан жерлери аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, республиканын чегинен тышкары чыгып укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн адамдар ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен кармалды.

Количество просмотров: 2403