8-мартта Орусиянын бир нече ири шаарында аялдардын укуктарын коргоого чакырган акциялар өттү.
Москванын Сокольники аймагында «8-мартты туура белгилейбиз» деген аталышта митинг өттү. Аны түрдүү феминисттик топтор жана феминисттик активисттер уюштурушту. Жүздөгөн адамдан турган акциянын катышуучулары аялдарды басмырлоого, сексизмге, үй-бүлөлүк зомбулукка жана ыдык көрсөтүүлөргө каршы чакырыктарды айтышып, бир тууган эже-сиңди Хачатуряндарды, Юлия Цветкованы бошотууну, ЛГБТ өкүлдөрүнө карата куугунтукту токтотууну талап кылышты.
Санкт-Петербургда «Сегизинчи демилгелүү топ» кыймылынын активисттери пикетке чыгышты. Алар колдоруна «Зомбулук — үй-бүлөлүк баалуулук эмес», «Саясий туткундагы аялдарга боштондук» деген жазууларды көтөрүп жүрүштү.
Аялдардын укуктарын коргоо чакырыктары менен акциялар Орусиянын Новосибирск, Красноярск жана Тюмень шаарларында да өттү.