• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Орусияда жол кырсыгынан Кыргызстандын жараны көз жумду

2 Чын куран 201916:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.04.2019.Govori.TV.

30-мартта Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы жол кырсыгынан Кыргызстандын 41 жаштагы жараны, Чоң-Алай районунун тургуну көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат таратты.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин бул жол кырсыгын иликтеген Санкт-Петербург шаары боюнча башкармалыгы окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Каза тапкан жарандын 37 жаштагы иниси жабырлануучу катары катталды.

Учурда кыргыз диаспорасынын активисттери сөөктү Кыргызстанга жеткирүүгө каражат топтоп жатышат. Сөөк Кыргызстанга бүгүн, 2-апрелде жөнөтүлөт. 

Количество просмотров: 13