• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Орусиядагы абакта козголоң чыгып, 8 имарат өрттөндү 

11 Чын куран 2020 14:07 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Иркутск облусундагы түрмөдө
козголоң болуп, анын аймагында өрт чыкты. Бийлик камактагы адамдар түрмөнүн кызматкерлерине баш ийбей койгонун айтса, укук коргоочулар камактагылардын бири сабалып, жаңжал чыкканын билдиришти.

Өрт түнү бою өчкөн эмес. Ишемби күнү эртең менен аймактын ыкчам кызматынын өкүлү «РИА Новостиге» өрт чектөөгө алынганын маалымдап, 8 курулуш өрттөнгөнүн билдирген.

«Адам укуктары үчүн» бейөкмөт уюму билдиргендей, Ангарск шаарындагы №15 абактагы башаламандыкты басуу үчүн атайын бөлүктүн кызматкерлери тартылган. Жаза аткаруу федералдык кызматы тескерисинче түрмөдө отургандардын бири күзөтчүгө кол салганын 11-апрелде кабарлап, учурда баары көзөмөлдө экенин кошумчалады.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо имараттын күйүп жатканын көрүүгө болот.

https://youtu.be/k9wk0pB-WAQ
Теги:
Количество просмотров: 4509