• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Орусиядагы жол кырсыктан 6 киши каза тапты. Арасында кыргызстандыктар бар

27 Кулжа 2023 9:56 Бишкек Govori.TV

Россиянын Самара облусундагы трассада жол кырсыгынан алты киши каза болду, алдын ала маалыматтар боюнча алар Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары. Бул тууралуу РФ Жол инспекциясынын регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Юрий Некрасовго таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, кырсык 27-июнга караган түнү болжол менен саат 1.30дарда катталган. Анда А-300 жолунун 109-чакырымында Honda Stepwgn менен Hyundai Elantra кагышып, алты адам каза болгон, дагы 8 киши ар кандай жаракаты менен ооруканага жеткирилген. Көз жумгандар менен жабыркагандар алдын ала маалымат боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары экени айтылат.

«Жол кырсыгына Hyundai Elantra автоунаасынын каршы тилкеге чыгышы себеп болгон. Аны Кыргызстандын жараны айдап бара жаткан», — деп билдирген Некрасов.

Количество просмотров: 180