• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Орусиядан 147 кыргызстандык жаран өлкөгө кайтарылды

14 Бугу 202022:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 14-майда «Манас» эл аралык аэропортунда Москва—Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. Жүргүнчүлөр «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын учагы менен учуп келишти.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, 147 кыргызстандык жаран өлкөгө кайтарылды.

«Өкмөт бардык мекендештерибизди өлкөгө кайтаруу үчүн толук аракеттерди көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 164