• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Орусияга мигрант жөнөтүүдө Өзбекстан биринчи орунга чыкты

12 Бугу 2023 9:39 Бишкек Govori.TV

Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде Өзбекстандан Орусияга 630 миң 859 эмгек мигранты кирген. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын статистикасына таянуу менен “Ведомости” басылмасы билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, 2023-жылдын алгачкы үч айында Орусияга жалпысынан 1 миллион 300 миң эмгек мигранты кирген. Бул былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 1,6 эсеге көп.

Орусияга мигрант жөнөтүүдө Өзбекстан биринчи, Тажикстан (350 миң киши) экинчи, Кыргызстан (173 миң киши) үчүнчү орунда турат.

Бул арада январь-март айларында Армениядан 47 миң 337, Казакстандан 34 миң 783 мигрант Орусияга иш издеп барган.

Басылма каттоосуз иштеп жүргөндөрдүн саны алда канча көп болушу ыктымал экенин белгиледи.

Количество просмотров: 76