Блогерлер Гусейн Гасанов менен Арутюн Назарян Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыкка жаңы унаа белек кылышты. Бул тууралуу Гасанов Instagram баракчасына жарыялады.
«Бизди бекер алып кетүүгө макул болгон адам жаңы унаа алат», — деп билдирген видеодо блогерлер.
Бир нече таксист аларды бекер жеткирүүдөлн баш тартып, акыры бир айдоочу жигиттерди алып кетүүгө макул болгон.
Унаада сүйлөшүп калышып, айдоочу Кыргызстандан экенин, унааны ижара алып айдап жүгөнүн, Москвада көптөн бери иштеп, 40 миң рублга жакын акча табарын айткан.
Андан соң блогерлер автосалонго келишип, кыргызстандык жаранга жакшылык кайра кайтып келерин айтып, унаа белек кылышкан.