Орусиялык көз карандысыз журналисттер кыргызстандык кесиптештеринин кармалышына байланыштуу кайрылуу жасашты.
50гө жакын эркин медиа менен журналисттердин кайрылуусунда иликтөөлөр кыргыз коомчулугунда кенен талкууга алынып, саясатчылар жана коомдук ишмерлер реакция кылып жатканы белгиленген.
17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынды.
ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун маалымдаган.