Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Орусияда мектеп окуучуларына орус тилинен тест тапшыртуу кадыресе эле көрүнүш жана бул баланын билим деңгээлин, даярдыгын баалоо үчүн зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттигине берген комментарийинде айткан.
Сергей Вакунов орус тили Кыргызстанда расмий тил экенин, андан тышкары бул өлкөдө орус тили көп колдонуларын кошумчалаган.
Орусияда орус тилин билбеген балдар мектепке кабыл алынбай турган мыйзам апрель айынан тартып күчүнө кирди. Ага ылайык, Орусияда мыйзамдуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар башталгыч, жалпы жана орто билим алуу үчүн орус тилинен тестирлөөдөн өтсө гана мектепке кирет.