Орусиянын кара тизмесинде Кыргызстандын 37 миң 420 жараны бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын июнь айына чейин алардын саны 82 420 болгон.
«Бирок жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн алкагында тизмени 45 миң адамга кыскартуу боюнча макулдашууга жетишилди. Андан майда мыйзам бузууларды жасаган адамдар чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.
Россия Федерациясына кирүүгө убактылуу тыюу бар экенин migrant.kg сайтынан текшере аласыз. Ал үчүн кириллица жана латын арибинде толук аты-жөнүн, ошондой эле туулган күнүн жазып текшерүү керек.