• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Орусиянын жараны деген Десятников БШКнын сессиясына катышууда

2 Чын куран 201911:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүүдө. Анда Орусиянын жараны деген кептер айтылып жаткан депутат Павел Десятников катышып жатат.

Бул боюнча БШКнын басма сөз кызматынын «Govori.TVга» берген маалыматына ылайык, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында бул маселенин негизинде тактоо иштери жүрүп жатканын жана анын жеке маалыматын текшерүү боюнча депутаттын макулдугун күтүп жатканын кабарлашкан.

Ал эми депутат өзү анын кош жарандуулугу боюнча суроого түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.

Белгилей кетсек, «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу» Мыйзамдын 47-беренесине ылайык, БШКнын депутатынын укугу «Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, башка чет өлкөнүн жарандыгын кабыл алганда» чектелет.

Бул маалыматты Factcheck сайты иликтеп, «Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Павел Десятников Орусиянын жараны экени такталды. Ал Орусиянын паспортун алып жүргөнү жана Орусиянын салык төлөөчүлөрүнүн маалымат базасында каттоодо турганы аныкталды. Мыйзам боюнча ал мандатынан ажыратылышы керек»,- деген тыянакка келген.

Количество просмотров: 14