Бишкек.02.01.2019.Govori.TV.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы ОСАГО полисинин жоктугу үчүн жазалоону 2019-жылдын 7-августуна дейре узартууну сунуштайт 2019-жылдын 7-февралында «Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, автомобилисттерге полистин жоктугу үчүн экинчи категориядагы айыппул (физикалык жактар үчүн — 30, юридикалык жактар үчүн — 130 эсептик көрсөткүчтө) салынат жана ал 7-февралда күчүнө кирет. Айыппулдун өлчөмү 3 миңден 13 миң сомго чейин саналат.
Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы 2019-жылдын 7-февралынан тарта унаалары башка өлкөдө катталган полиси жок айдоочуларга гана айыппул салууну сунуштайт.
Ал эми Кыргыз Республикасынын аймагында катталган унаалардын айдоочулары үчүн 2019-жылдын 7-августуна чейин өткөөл мезгил берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.
Натыйжада, транспорту Кыргыз Республикасында катталган айдоочулардын ылайыктуу камсыздоо компаниясын тандоого жана ОСАГО полисин шашылбай алууга мүмкүнчүлүгү болот. Өткөөл мезгилде полистин жоктугу үчүн айыппул салынбайт.