• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ош 3018 жашта: Майрамдык иш-чаралардын программасы

2 Тогуздун айы 2018 12:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Быйыл Ош шаарынын 3018-жылдыгы белгиленет. Учурда майрамды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн кызуу даярдыктар жүрүүдө.
Ош шаарынын 3018-жылдыгына карата өтүүчү маданий-массалык иш-чаралардын тизмеси;
4-октябрь — саат 10:00. Ош МУ «Байыркы Ош шаарындагы маданияттар баарлашуусу» симпозиуму,
5-октябрь — 09:20. Ош шаарынын мэриясынын кичи жыйындар залы. Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовдун симпозиумдун катышуучуларын кабыл алуусу,
10:00. Ош шаардык Кеңешинин жыйындар залы — Эл аралык жаштар Форуму,
10:30. Борбордук аянт,“Өчпөс өт”мемориалдык комплексинин аянты, Ош шаарынын окуучуларынын аянтка тарткан сүрөт көргөзмөсү,
10:40. Борбордук аянт, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын көргөзмөсү,
11:00. Борбордук аянт, “Сулайман-Тоо- тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу фестивалы (Ассемблея),
11:20. Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап “Ленин” көчөсү, “Ош-ооматтуу ордо калаа!” аттуу майрамдык жарманкеси,
13:00. ОУДТнын алдынкы аянты, “Билим жана чыгармачылык жарманкеси”,
17:00. “Газпром” ден-соолукту чындоо борбору , волейбол спорттук мелдеши,
19:00. Борбордук стадион, Ош шаарынын күнүнө арналган Кыргызстанга белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын катышуусундагы майрамдык гала концерт,
22:00 Борбордук стадион, жаштар диско кечеси
Айта кетсек, жыл сайын 5-октябрь күнү Ош шаарынын күнү белгиленип келет. Быйыл Ош шаарына 3018 жыл.
Количество просмотров: 25