• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ош аэропортунда «героин» ташыган адамдар кармалды

2 Чын куран 2019 10:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.04.2019.Govori.TV.

2019-жылдын 30-мартында КР УКМК ККК тарабынан ири баңги каражаттарын контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюуу жана аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Ош эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин жарандары 1993-ж.т. Ш.А., 1986-ж.т. С.Г., жана 1987-ж.т. С.С. кармалышты.

Такталган боюнча аталган кылмыштуу топ Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу баңги заттарды Орусия өлкөсүнө жеткирүү максатын көздөшкөн.

Багажды текшерүү учурунда жашыруун сактоочу жай табылып, жалпы салмагы 3 килограммдан ашык 57 брикет табылып алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча спецификалык жыты бар, табылып алынган заттар «героин» баңги заты болуп эсептелинет.

Бул факт боюнча КР УКМК Тергөө органдары тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Аталган адамдар Ош шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта УКМК бул кылмыштын уюштуруучуларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды кармоого жана ошондой эле транзиттик каналдарына жана контрабандага бөгөт коюуга багытталган ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 3