• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

«Ош» аэропортунда туристтик борбор ачылды

13 Бирдин айы 2024 15:41 Бишкек Govori.TV

«Ош» эл аралык аэропортунда туристтик борбор ачылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «МЭА» ААК «Ош» филиалында туристтер үчүн «Босого» маалымат борбору ачылды. Туристтик борбордо туристтер жана аэропорттун бардык меймандары үчүн аймактагы кызыктуу жерлер, мейманканалар, гиддер, кафе-ресторандар тууралуу маалымат ала алышат.

Ошондой эле борбордон жергиликтүү SIM-карта менен камсыздап абоненттик номурду каттоого жардам берип, ар кандай керектуу документтерди толтуруу боюнча кеңеш ала аласыздар.

Учурда ушундай эле борбор «Манас» эл аралык аэропортунда да иштейт.

Количество просмотров: 67