Ош – Баткен — Разаков унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду.
Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына ылайык, жогоруда аталган унаа жолдун Рават тилкесинде тайгакка каршы инерттик материалдарды чачып жүргөн Isuzu самосвалын жеңил унаанын айдоочусу артынан сүзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, жеңил унаанын айдоочусу рулда уктап кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен жеңил унаанын бир жүргүнчүсү каза болгон.
«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Баткендеги филиалынын директору Авазбек Мамаюнус уулу билдиргендей, №2 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жол кырсыгынан жабыркаган эмес.