Бишкек.26.03.2019.Govori.TV.
Бишкекте Ош базарынын айланасындагы Чүй жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде түркүк кулаганына байланыштуу айрым
троллейбустардын маршруттук схемасы убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашкан.
Маалыматка ылайык, №2, №10 жана №14 троллейбустардын жүрүү схемасы убактылуу өзгөрүп, троллейбустар Ден-Сяопинден Интергельпо көчөсүнө кайрылып, андан соң Москва көчөсү менен Бейшеналиевага чейин барат, ал эми андан ары мурдагы схема менен жүрмөкчү.
«Оңдоо иштери бүтөөрү менен троллейбустардын жүрүү схемасы мурдагы абалына келет. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз»,-деп жазылат билдирүүдө.