Ош базарынын айланасында башаламан соода кылгандарга каршы рейд жүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, башаламан сооданы жоюу үчүн мобилдик топ Ош базары соода оюн-зоок комплексинин аймагында рейд жүргүздү. Чүй проспектиси, Киев, Токтогул, Кулиев, Бейшеналиева көчөлөрүнүн боюндагы сатуучулар башаламан соода жерлерин таштап кетишкени айтылат.
«Рейддин жыйынтыгы боюнча 75тен ашык ар кандай конструкциялар — чатыр, стол, отургуч, манекен, коляска алынды. Ошондой эле соодагерлер менен базардын белгиленген чегинен тышкары коммерциялык ишмердүүлүктү ишке ашырууга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү»,-деп айтылат маалыматта.
Мэриянын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Ош базары соода оюн-зоок комплексинде 695тен ашык бош соода орундары бар.
«Айрым соодагерлер базардын ичинде соода орундары турса да сыртында соода кылып келишет. Бүгүнкү күндө Ош базарында болжол менен 450-470 башаламан соода менен алектенген соодагерлер бар, ал эми Ош базары соода оюн-зоок комплексинде 695тен ашык бош соода орундары бар. Бардык чарбалык субъектилер стихиялуу соодагерлер үчүн орун берүүгө даяр», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 4-октябрда Бишкек мэриясынын алдында Ош базарынын сатуучуларынын митинги өткөн. Алар нааразылыгын өзгөчө ыкма менен билдиришти — сатуучулар товарын кол арабаларга жүктөп алып, муниципалитеттин алдына «сатып түгөтүү» акциясын уюштурган. Алар жайма базарды тазалоо талабын коюшкан болчу.