• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Оштогу “Семетей” кинотеатрынан өрт чыкты

1 Баш оона 201915:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.08.2019.Govori.TV.

Бүгүн, эртең менен Ош шаарында «Семетей» кинотеатрында өрт чыкты. Бул тууралуу Ош шаарындагы ӨКМ башкармалыгы кабарлады.

Маалым болгондой, өрт боюнча билдирүү бүгүн саат 09:46да келип түшкөн. Өрт чыккан жерге үч өрт өчүрүү бөлүмү барып, өрттү өчүрүгө жетишкен.

Кошумчалай кетсек, окуя болгон учурда кинотеатрда көрүүчүлөр болгон эмес.

Количество просмотров: 63