Ош базарында стихиялык сатуу жургүзүүнү жоюу иштери уланууда. Социалдык тармактарга тараган видеодо соодагерлер — өз орундары үчүн мэриянын кызматкерлери менен күрөшүп жатканы көрсөтүлгөн.
Процесс кыйкырыктар менен коштолуп, алар менен муниципалитеттин кызматкерлеринин ортосунда пикир келишпестик орун алган.
Ленин райондук администрациясы кабарлагандай, бүгүн мобилдик күнуго Ош базарынын аймагында рейддерди жүргүзуп турат.
Жана ошондой эле бүгүн да алар Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрүн жана Ош базарынын аймагын стихиялык соодадан тазалашкан. Жыл башынан бери 450дөн ашык жеңил объектилер демонтаждалды.
Бирок бул видео качан тартылганы белгисиз.