Ош-Бишкек унаа жолунда тактай ташып бараткан унаа оодарылып, айдоочусу көз жумду
Ош-Бишкек унаа жолунда тактай ташып бараткан унаа оодарылып, айдоочусу көз жумду
24 Тогуздун айы 2018 9:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.10.2018.Govori.TV.
Ош-Бишкек унаа жолунда тактай жүктөп келе жаткан унаа оодарылып, айдоочу каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалымдады.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы кече саат 06:00 чамасында катталган. МАН үлгүсүндөгү унаага Бишкек шаарынан тактайларды жүктөп Ошко келе жаткан. Токтогул районунун Чычкан капчыгайына жеткенде айдоочу рулду башкара албай, оң капталы менен сүрүлүп токтогон. Кырсыктын кесепетинен айдоочу ошол жерде көз жумган. Ал эми ошол эле унаанын ичиндеги бир жүргүнчү аймактык ооруканага жеткирилген. Ал унаанын тормозу иштебей калганын айткан. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери башталды.