«Ош» эл аралык аэропорту штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Ош» эл аралык аэропорту кечээ, 1-июль күнү саат 22:30дан тартып, штаттык режимде иштей баштады. Учурда учууларга каттоо жүрүп жатат, аэропорт бардык каттамдарды график боюнча кабыл алууга жана жөнөтүүгө даяр.
Аба майдан буга чейин техникалык себептерден улам убактылуу жабылган.