• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ош филармониясынын директорлугуна сынак жарыяланды

3 Бирдин айы 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору бош кызмат ордуна сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, филармониянын директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

«Маданият жана искусство» багыты боюнча жогорку кесиптик билими, жетекчилик кызматтарда иш стажы эки жылдан кем эмес же гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу багыттары боюнча жогорку кесиптик билими, маданият жана искусство чөйрөсүндө иш стажы үч жылдан кем эмес.

Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясын өнүктүрүү программасы;
  • резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
  • автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • кадрларды эсепке алуу баракчасы;
  •  нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
  •  нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  •  илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  • паспорттун көчүрмөсү.

Бардык документтерди папкага тиркеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 13-февралга чейин тапшыруу керек.

Теги:
Количество просмотров: 206