• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ош: ӨКМ сел каптаган аймактар тууралуу маалымат берди (сүрөт)

23 Чын куран 2024 11:41 Бишкек Govori.TV

ӨКМ сел каптаган аймактар тууралуу акыркы маалыматтар менен бөлүштү.

Ага ылайык:

Кара-Кулжа райондук № 66 ӨККБдөн 9 куткаруучу Ылай-Талаа айыл аймагынын Ылай-Таалаа айылына АСМ автоунаасы менен тазалоо иштерине тартылды .

Аталган ӨКБдан 5 куткауучу Ылай-Талаа айыл аймагынын Кара-Кочкор айылына тазалоо иштерине чыгышты.

Ошондой эле 5 куткаруучу куткауучу менен Ылай Талаа айыл аймагынын Ак-Кыя айылына тазалоо үчүн жөнөтүлдү.

Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 10 куткаруучу Кызыл-Дыйкан айылына тартылды.
Ал эми 9 куткаруучу Жылалды айылына тартылды.

Кароол аймагынын Өзгөн райондук №53 ӨКБдан 10 куткаруучу Мырза-Арык айылына чыгышты

Алай районунун Тилек-Теш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылына селдин кесепеттерин жоюуга селге АСМ автоунаасы менен 4 куткаруучу тартылды.

Мындан сырткары жабыркаган ички чарбалык жолдорду тазалоо иштерине КР ӨКМден 1 экскаватор жана 1 самосвал, айыл өкмөттөн 1 жүктөгүч 1 самосвал, Суу чарба башкармалыгынан 1 самосвал тартылып, иш алып барууда.

Теги:
Количество просмотров: 67