• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ош мэриясынын аппарат башчысы алмашты

27 Теке 201810:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.07. 2018. Govori.TV
Ош шаародык мэриясынын аппарат башчысы алмашты. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы болуп жаңы дайындалган Азамат Абсатаров кабарлады.
 Анда белгилүү болгондой, аталган кызматка Ош мэри Таалайбек Сарыбашевдин буйругу менен Максатбек Зикиров дайындалган. Ал эми буга чейин Айтмамат Кадырбаевдин аппаратын башкарган Алмазбек Осмонов өз ыктыяры менен кызматтан баш тартканы белгилүү болгон эле.
Эске сала кетсек, Ош шаарынын мэри жаңы дайындалганына байланыштуу эки орун басарлар да алмашаары айтылууда.
Количество просмотров: 43