Ош шаарында жана Кара-Суу, Ноокат райондорунда коменданттык сааттын убактысы өзгөртүлдү. Эми бул аймактарда 16-апрелден тартып 21:00дөн таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизилет. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов кол койду.
Мунун алдында Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда коменданттык сааттын убактысы 21:00дөн таңкы саат 6га чейин деп белгиленген. Бул убакта көчөдө жөө адамдар да, машине да жүрбөшү керек.
Буга чейин коменданттык саат 20:00 — 7:00 аралыгында болчу.
Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында 25-марттан бери оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал жарыяланган.
Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду. Андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберди.