• Дүйшөмбү 17 Бугу 2021

Ош мэри турак-жайга байланыштуу катуу талап койду

23 августа 2018 в 17:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV

Ошто ипотекалык көп кабаттуу үй курууга жер маселелси үч күндүн ичинде такталат

Бул туурасында бүгүн, 23-август Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Ош шаарынын мэриясынын алдындагы турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана иновациялык технологиялар фонду” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн талкуулап жатып, бир нече муниципалдык ишканаларга талап койду.

Жыйынга вице-мэрлер, курулуш тармагын жана экономикалык багытты тейлеген муниципалдык кызматтардын, мэриянын бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Жыйындын алкагында негизги тема шаардыктарды ипотекалык негизде турак-жай менен камсыз кылуудагы иш аракеттер туурасында болду.

Шаар башчысы көп кабаттуу үй алууну эңсеген шаардыктар көп экендигин баса белгилеп, 3 күндүн аралыгында курулуш жүрө турган жерди аныктоо тапшырмасын берди.

Ошондой эле, эскилиги жеткен, кепе (барачный) түрүндө салынган үйлөргө инвестиция тартуу багытын колго алууну талап кылды. Мындан тышкары, курулуш компанияларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен, жаңы салынган көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы турпатына, Өзгөндөн чыгып жаткан сары ташты колдонууну сунуштады.

Белгилей кетсек, “Ош шаарынын мэриясынын алдындагы турак-жай курулушун өнүктүрүү, инвестиция жана иновациялык технологиялар фонду” муниципалдык ишканасы үстүбүздөгү жылдын апрель айында негизделип, шаардыктарды турак-жай менен камсыз кылуу жана инвестиция тартуу максатында жыйынтыктуу иштерди жүргүзүп келет.

Количество просмотров: 4