• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ош-Москва аба каттамы менен келе турган жүргүнчүлөр келе элек

1 Тогуздун айы 2018 9:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.

Кечээ Ош-Москва аба каттамы менен уча турган учактын дөңгөлөгү жарылып, рейс 9 саатка кармалган.  Натыйжада эртең менен саат 8:30да 147 жүргүнчүсү менен уча турган учак саат 17:54тө кеткен. Мунун кесепетинен түнкү рейс бүгүнкү күнгө жылган. Москва-Ош аба каттамы менен келе турган жүргүнчүлөр билдиргендей, бул кырсыктын айынан Москва шаарынан келе турган учак да 8-9 саатка кармалган. Натыйжада 100 жүргүнчү аэропортто мекенине кайтуу үчүн өз рейсин күтүүгө аргасыз болушкан.

«Ош» Эл аралык аэропортунан маалымдашкандай, кечээки окуядан кийин Москва-Ош багыты менен келе турган кечки рейс эртең мененки убакытка жылдырылган.

“Москва-Ош каттамы менен кечээ саат 22:35те уча турган рейс эртең менен саат 6:30га которулган. 1 сааттын ичинде «Ош» Эл аралык аэропортуна келип конушу керек”, — деп билдиришти Ош Эл аралык аэропортунан.

Количество просмотров: 23