• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ош-Москва каттамындагы учактын  дөңгөлөгү жарылып, жүргүнчүлөр башка самолетко которулду

1 Тогуздун айы 2018 9:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.10.2018. Govori.TV
Ош-Москва каттамындагы дөңгөлөгү жарылган учактын 150гө жакын жүргүнчүсү саат 17:50дө башка учак менен учуп кетишти. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргенин “Азаттык” жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 30-сентябрда эртең менен «Ош» аэропортунан Москва шаарына учканы жаткан «Boeing 737» учагынын дөңгөлөгү жарылып учпай калган. Жабыркандар болбогонун каттамды аткарган “AviaTraffic” компаниясынын жетекчиси Алик Аскаров белгилеген.

“Дөңгөлөгү эле жарылды, башка эч нерсе болгон жок. Баары тынч. Жүргүнчүлөр мейманкана жана тамак-аш менен камсыз кылынды. Дөңгөлөк эмне себептен жарылганын аныктоо үчүн комиссия иштеп жатат. Балким заводдон мүчүлүштүк кеттиби, мунун баарын тактайбыз”,-дейт Алик Аскаров.
Кошумчалай кетсек, августтун башында Ош-Анталия багытында бараткан учак техникалык себептен улам Бишкекке конууга мажбур болгон. Мындан сырткары «Авиатрафик» компаниясына таандык учак 29-июлда 89 жүргүнчү менен абага көтөрүлүп, кайра конгон.
Быйыл 1-мартта да «Тез жет» авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, «Манас» эл аралык аэропортуна конгон учакта 96 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Эч ким жабыркаган эмес.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын жарымы жараксыз абалда. Төрт компания — «Авиатрафик», «Эйр Манас», «Тез жет» жана «Эйр Кыргызстан» жүргүнчү ташыйт. Алар “Эйрбас”, “Боинг”, “Аврожет” учактарын колдонушат.
Мамлекеттик “Air KG” компаниясы «ТУ-154» учагы менен президентке кызмат кылат. “Sky KG” компаниясынын туристтик жана экскурсиялык каттамдарга чыккан эки чакан учагы бар.
Количество просмотров: 26