Ош облустук соту Кара-Суу районунун мурдагы акими, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы Тилек Матраимовдун апелляциялык арызын карап, канааттандырган чечим чыгарганы 14-августта белгилүү болду.
Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.
«Ош облустук сотунун 6-августтагы өкүмүнүн негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») менен айыпталган М.Т.И. үч миң эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынып, башкача айтканда мамлекеттин пайдасына 300 000 (үч жүз мин) сом өндүрүлгөн», деп жазылган маалыматта.
Кара-Суу райондук соту Матраимовдун ишин 11-июнда карап, 1 млн сом айыппул төлөөгө милдеттендирген жана жакынкы үч жылда мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыраткан.
Экс-аким менен адвокаты сот чечимине нааразы болуп, облустук сотко кайрылган.
Матраимовго 2019-жылы Кара-Суу районунда жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган.
Матраимов 25-мартта бир туугандары Райымбек, Руслан, Исламбек Матраимовдор менен чогуу Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилген. Апрель айында үй камагына чыккан.