• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тилек Матраимов айып төлөп, жазадан бошотулду

6 Үчтүн айы 2021 10:05 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын чегине мыйзамсыз өтүп кеткени үчүн Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимовго 220 миң сом айып салынып, эркиндикке чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Мындай өкүм өткөн жылдын 22-октябрында эле чыгарылган. Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов 220 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Үй камагына чыгарылган айыпталуучуга карата баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылды.

Эскерте кетсек, Тилек Матраимов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Количество просмотров: 125