• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тилек Матраимов кызматына кайра келип алдыбы?

31 Тогуздун айы 2020 8:42 Бишкек Govori.TV

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов ишине кайра келип алганы кабарланды. Бул тууралуу журналист Ыдырыс Исаков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Тилек Матраимов азыр үй камагында эмес экенин, аким катары ордуна кайра келип, бөлмөнүн эшигине өзүнүн атын кактыртып иштей баштаганы тууралуу укканын жазды.

Бул арада Матраимов кайрадан кызмат ордунда иштеп жатат деген маалымат чындыкка дал келбей турганын өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Тилек Матраимов 16-октябрь күнү өкмөт башчынын токтомунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, аким Тилек Матраимов 6-октябрда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет жасап, өзбек чек арачылары тарабынан кармалган. УКМК мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысынын негизинде сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган. 9-октябрда өзбек чек арачылары Матраимов жана аны менен кошо кармалган эки жаранды кыргыз тарапка өткөрүп беришкен.Ал Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун бир тууганы.

Количество просмотров: 207