Узарбек Жылкыбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду
Жылкыбаев Узарбек Казиевич Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду.
Башка чечим менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу болуп дайындалды.