• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош облусунда Чек ара кызматынын аскери каза болду

7 Бештин айы 20239:42 Бишкек Govori.TV

Куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен Ошто УКМКнын Чек ара кызматынын аскери каза болду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсык 6- декабрь күнү болгон. УКМКнын аскер кызматкери 2005-жылы туулган Э.Р. АК-74 автоматынан кокусунан ок чыгарган. Медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык аракеттерге карабастан, жоокер алган жараатынан улам каза болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя болгон жерде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 190