Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, бүгүн эртең мененки саат 07:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш айылында 3 баллга, Ак-Босого, Кара-Киндик айылдарында 2,5 баллга чейин жеткен.
Ал эми такталган маалымат боюнча,бактыга жараша жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.