• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ош ОИИБ: Чуу жараткан видеонун түкүрүк менен байланышы жок

7 Үчтүн айы 2019 2:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.01.2019.Govori.TV

 Буга чейин социалдык тармактарга аял менен милиция кызматкеринин пикир келишпестигин чагылдырган тасма тарап, аял түкүргөнү үчүн айыпталып жатканын билдиришкен.
Бирок тасма кайда тартылганы белгисиз болуп келген. Кечээ, 6-октябрда окуя Ош облусунда болгону аныкталып, Ош ОИИБнын маалымат менен камсыздоо бөлүмү төмөнкүдөй маалымат таратты. Алар видеодогу чырдын түкүрүк менен байланышы жок экенин билдиришти.

«Бул видеодогу жагдай Ош облусунун райондорунун биринин аймагында болгон. Анда соц.тармакта айтылгандай аялды түкүргөндүгү үчүн эмес, видеодогу аялдын күйөөсү өрт коопсуздугу жаралуучу жерде тамеки чеккендиги үчүн эскертип түшүндүрүү үчүн милициянын таяныч пунктуна баруусун өтүнүп, ал жаран менен таяныч пунктун көздөй бара жаткан кезде жарандын достору түшүнбөстүктөн тоскоолдук кылышып, тасмага тартып туура эмес маалымат таратышкан. Жаранга милиция тарабынан белгиленбеген жерде тамеки тартып, өрт коопсуздугун жараткагдыгы үчүн эскертилген. Ал жаран эскертилгендиги боюнча керектүү документке кол коюп берген соң үйүнө жиберилген. Милиция кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде иш алып барууда. Айрым учурда жарандар милициянын кесиптик милдеттерин аткарганга тоскооллуктарды жаратышып, жагдайдын абалына баа бербестен дароо видео тасмага тартып туура эмес маалыматтарды таркатышууда. Ошондуктан жарандардан суранарыбыз окуяны ар тараптуу иликтеп андан соң туура маалымат таркатышса деген өтүнүч»,-деп жазылат Ош ОИИБнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

https://youtu.be/LWDCjLLVfmQ
Количество просмотров: 22