Ош шаарынын аймагында парламенттик шайлоо тынч өтүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, саат 16:00гө карата милицияга сегиз маалымат келип түшкөн.
«Одоно түрдө мыйзамдуулукту же коомдук тартипти бузуулар катталган жок. Башкармалыкка келип түшкөн 8 маалыматтын үчөө аймактык шайлоо комиссиясына кароо үчүн жөнөтүлдү, 5 маалымат текшерүү учурунда тастыкталган жок. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан массалык маалымат каражаттарына, интернет булактарында жарык материалдар боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Көпчүлүк маалыматтар тастыкталган жок», — деп айтылат билдирүүдө.