• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Ош — Сары-Таш — Эркештам жолуна кар көчкү түшүп, кыймылга чектөө киргизилүүдө

16 Бирдин айы 2023 11:30 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Ош — Сары-Таш — Эркештам жолуна кар көчкү түшүп, жолдорго маал-маалы менен чектөө киргизилүүдө.

Маалыматка ылайык, аталган автожолдун 167-169 жана 171-173-чакырымдарында кар көчкү түшкөн.

Учурда ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү жана ЖТМнын техникасы жолдорду тазалоодо.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан алдыдагы унаа менен болгон аралыкты 500 метрге чейин сактап, туманга каршы фараларды күйгүзүп, ылдамдыкты ашырбай айдоого чакырат.

Теги:
Количество просмотров: 44