• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ош шаардык милициясы Токтогулдан 101 кг. 335 грамм наркозат кармады

6 Бирдин айы 2020 21:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 6-февралда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн бир нече күндүк ыкчам иш аракетинин натыйжасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылынан наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү катары 42 жаштагы С.А. кармалды.
Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери “Токтогул районунун тургуну С.А. тарабынан наркотикалык заттарды сатып өткөрүп жүргөндүгү тууралуу так маалымат алынган эле.

Шектүүнү көрсөтмөсүндө наркотикалык заттарды бекиткен үйдү көрсөтүп берген. Үйдү күбөлөрдүн катышуусунда кароо учурунда жалпы салмагы 101 килограмм 335 грамм болгон марихуана наркотикалык заты табылып, алынган. Алынган зат марихуана наркозаты экендигин атайын экспертиза аныктады. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү бул наркозатты Токтогул районунун аймагынан сатып өткөрүү максатында өзү чогулта тургандыгын айткан.

Кылмышка шектүү С. А. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинип, КРнын Жазык кодексинин 267- жана 268 беренелерине ылайык (баңги заттарын сатып өткөрүү максатында сактоо) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жаза процессуалдык кодексинин 98-99-беренелерине ылайык шектүү катары 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмышка шектүү С.А. 1978-жылы Токтогул районунда туулган. Токтогул районунун тургуну. Мурда үч ирет соттолгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы

Количество просмотров: 149