• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылды

28 Бугу 2020 13:52 Бишкек Govori.TV

28-майга карата Ош шаардык төрөт үйүндө 34 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 15 медицина кызматкери, 14 эне жана беш ымыркай вируска чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, шаардык төрөт үйүндө мурда да вирус жуккан учур катталып, төрөткана карантинге жабылган. Кийинчерээк ал жерге обсервация ачылган.

Саламаттык сактоо министри Нурболот Үсөнбаев акыркы суткада Ош шаарында 35 адамдан коронавирус аныкталганын бүгүн, 28-майда брифингде кабарлаган. Жалпысынан Ош шаарында бул ооруга чалдыккандардын саны — 177 адам.

Жалпы өлкөдө COVID-19 илдетине кабылган 1594 адамдын 6% жашы жетек элек балдар. Алардын ичинен 20га жакыны ымыркайлар.

Теги:
Количество просмотров: 134