• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош шаарынын жаңы мэри интернетте тараган вице-мэрлердин иштен сырткары кызматтык унаалар пайдаланашы боюнча оюн билдирди

6 Баш оона 2018 11:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов интернетте тараган вице-мэрлердин кызматтык автоунаалары тартылган видео тасма боюнча маселе көтүрүп, иштен сырткары кызматтык унаалар пайдаланбашы керектигин айтты. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
“Сынга чычалабашыбыз керек. Негиздүү сын болсо туура кабыл алалы. Кызматтык унаалар иш учурунда пайдаланып, иштен кийин гаражга токтотулушу керек. Соцтармактарда мурунку видеолор тараптыр. Ар бир тармакта тартип эң негизги нерсе. Тартипти өзүбүз сактап, өзүбүздөн баштайлы”,-деди шаар мэри.
Ош мэриясынын басма сөз кызматынын түшүндүрмөсүндө, кызматтык автоунаалар боюнча тартылган видео февраль айларында тартылган.
«Вице-мэрлердин айрымдары шаардын четинде жашашат. Айрым учурда вице-мэрлер балдарын ишке келгенче эле бала бакча, мектепке алып келип турган. Шаардан тышкары башка жака айдатып же үй-бүлөсү үчүн пайдаланышкан эмес. Иштен сыркары жеке өздөрүнүн автоунааларын пайдаланышат»,- деп айтылат билдирүүдө.
Фейсбук колдонуучусу Абай Нур Большевиков Ош мэриясынын гаражында дем алыш күндөрдө бир да мамлекеттик унаа жок экенин жазып чыкты.
«Эски видео жүктөп, интрига кыла бересиңби. Азыркы шаардык бийлик бул маселеге терс көз карашта дегендерге.Жүрөгүм чыдабай мэриянын гаражына жетип бардым. Бир да мамлекеттик машине жок экен», -деп кайра жаңы видео жүктөдү.

https://www.facebook.com/abaikilich/videos/1333105060156073/?id=100004431254286&hc_ref=ARRVPsef5W_v8Ef52035Y7B0d_ym9O7TbGeW3gv5AeROlXY0YLnW8BDwnrTMY611C2A&fref=nf

Количество просмотров: 28