• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Ош шаарында 2 өспүрүм бычакталды

11 Бирдин айы 2021 16:39 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында 2 өспүрүм бычакталды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда бул кылмышка тиешелүү шектүүлөр изделип жатат.

«Бүгүн саат 14.10до Ош облустук ооруканасынан Ош ШИИБнын нөөмөт бөлүмүнө бычакталып 2 жаш бала түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Тилекке каршы алардын бирөө 2004-жылы туулган К. Б. ооруканада көз жумган. Экинчи 2004-жылы туулган Н. С. оор абалда. Операция жасалууда.

Жаш балдарга кол салган адамдарды кармоо боюнча милиция кучөтүлгөн тартипте издөө ишин баштады. Жабырлануучулар Нариманов орто мектебинин 10-классынын окуучулары. Окуя мектептен сырткары, мурдагы «Ареопаг» дукөнүнүн арткы тарабында болгон», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 205