• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ош шаарында ири өрт кырсыгы катталды

1 Баш оона 2020 9:59 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында ири өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-июль күнү саат 20:38 чамасында Ак-Тилек кичи шаарчасынын 20-көчөсүнүн №16 дарегинде жайгашкан түрак үйдөн өрт чыгып кошуна жайгашкан №18, №20 турак үйлөрүнө жана 19-көчөдө жайгашкан №17, №19 турак үйлөрүнө өткөн. Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метрди түздү.

Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, РӨКОнан 1 суу ташуучу унаа, Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Мындан сырткары, Ош шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, ИИМден 4 экипаж, шаардык газ кызматынан 1 бригада жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган. Өрт саат 21:40та чектөөгө алынып, саат 00:24тө толук өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги:
Количество просмотров: 278