• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош шаарында муниципалдык такси тесттик режимде иштеп баштады

28 Баш оона 202510:03 Бишкек Govori.TV

27-август кечки убакыттан тарта Ош шаарынын муниципалдык такси кызматы сыноо режиминде иштеп баштады.

Шаардык муниципалитеттин маалыматына ылайык, эко таксилер алгачкы бир жума жүргүнчүлөрдү акысыз ташып, кызмат көрсөтүүгө VIP класстагы 2 унаа, 2 «комфорт», 1 «эконом» унаа чыккан. Ага улам 10дон машина кошулуп, бир жума ичинде саны 50гө жетет.

Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы кызматты ишке киргизүү үчүн мэрия электромобилдерди сатып алып жатканын билдирген.

«Бул таксилер экологиялык жактан таза, шаарда жүрүүгө ыңгайлуу жана сапаттуу болот. Мындан ары өзүбүздүн такси кызматы менен шаардыктарга кызмат көрсөтөбүз», — деген Токторбаев.

Количество просмотров: 123